• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоого карата №2 форма менен катталгандардын саны 45 миңге жетти

21 Аяк оона 202018:54 Бишкек Govori.TV

Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 20- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 445 миңге жетти. Бул тууралуу Govori. TVга БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

«Бүгүнкү күндө шайлоо участкаларына «Форма-2″ арызы менен кайрылып, идентификациядан өткөндөрдүн саны контролдук тизмеде такталып жатат, жалпы саны чыга элек. 20- сентябрга карата 445 миңге жетти»,-деди Абдрахматова.

Шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берүүгө болот. Ошол себептен биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандарга жана шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн арыз берүүчүлөргө 19-сентябрга чейин убакыт берилген.

Интернет колдонуучулар шайлоо жарышына старт берилген күндөн тарта эле партия талапкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарга «Форма-2» документи менен массалык түрдө кошумча тизмеге кишилерди тургузуп,  акча таратып жатканын айтышууда.

https://www.facebook.com/1594581200/posts/10221823653972588/


Количество просмотров: 133