• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Коңшу Казакстанда кармалып калган фуралар. Бажы кызматы маселени качан чечет?

16 Бештин айы 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

Жаңы жылга чейин Казакстанда унаалары кармалып калгандардын баарына жардам берүүгө даярбыз. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеште Казакстанда 900дөй контейнер кармалып калганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

“Биз ал жакта канча контейнер бар экендиги тууралуу изилдөө жүргүзүп жатабыз. Алдын ала маалымат даяр. Казакстандын бул багытта бизге жардам берүүгө каалоосу бар. Аталган өлкөдө автоунаа же темир жол боюнча барып кармалып калгандар болсо бизге кат түрүндө кайрылып, мекемеге келиңиздер. Жаңы жылга чейин Казакстанда унаалары кармалып калгандардын баарына жардам берүүгө даярбыз”, — дейт ал.

Количество просмотров: 103