• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кочкор-Ата шаарындагы базарда өрт чыкты

8 Тогуздун айы 201910:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарында өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечээ, 7-октябрда катталып, кечки саат 20:50дө чектөөгө алынган.

Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынан чыккан өрт саат 21:27де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда,- деп айтылат маалыматта.

https://www.instagram.com/p/B3UhYwyAfUY/
Количество просмотров: 49