• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кочкордо мыйзамсыз берилген жер айыл өкмөттүн балансына кайтарылды

27 Кулжа 2022 15:17 Бишкек Govori.TV

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ак-Кыя айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 1997-жылдагы чечими менен О. С. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 22,5 гектар айыл чарба жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 20 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Көзөмөл органы тарабынан прокурордук акты келтирилип, жогоруда аталган 10 млн 12 миң 500 сомго бааланган 22,5 гектар айыл чарба жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Количество просмотров: 93