Нарын облусунун Кочкор районунда каракчылыкка шектүү деп аталган адам тоногон акчаны аялына жана кызына которуп, качып бара жаткан жеринен аэропортто кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, кылмышка шектүү катары аныкталган адам ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет кылган учурда кармалган.
Ал Нарын облусунда 1982-жылы туулган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин учурунда 2025-жылдын 22-январында К.У., өз унаасы менен Бишкек шаарына келип, Токтогул-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банктардын бирине барып, ал жерден М-Банк эсебин ачкандыгы аныкталган. Ал картасын алып, аны абоненттик номерине байланыштырып, 450 000 сомго картаны толуктап, анын 190 000 сомду кызына жана жубайына 150 000 сом которгон. Ошондой эле тинтүү учурунда шектүүдөн уюм далилдери алынган», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 7-январында Нарын облусунун Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ошол эле күнү болжол менен саат 02:00 чамасында белгисиз адамдар Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан үйлөрдүн бирине беткап жана кол кап кийип кирип, үй ээлеринин денесине залал келтирип, 500 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бар металл сейфке ээлик кылып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткендигин билдирген. Жабыркагандар Кочкор районунун медициналык мекемесине жаткырылган.
Аталган факты Кочкор РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин КИББнын жана Нарын ОИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, Нарын облусунун тургуну 1982-жылы туулган К.У. аттуу жаран аныкталып, кармалып, Нарын ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Кийин кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.