Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев мамлекеттик резиденциядагы президентке караштуу бөлмөлөрдү Алмазбек Атамбаев бошотуп бербей жатат деген маалыматты четке какты деп жазды Азаттык.
Эске салсак, айрым интернет басылмалар 24-ноябрда президентик кызматка расмий киришкен Сооронбай Жээнбеков резиденциядагы премьер-министр кезиндеги үйдө жашап жатканын жазышкан. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы президенттик үйдү жана андагы президенттин иш кабинетин бошотуп бере электиги айтылган.