• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кой-Таш боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтүн 11-январына чейин узартылды

11 Жетинин айы 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-таш окуялары боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 11-январына чейин узартты.

Мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Мирбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, К.Осмоналиев, Фархат Баабиев жана Р.Карыпбек уулун соттук териштирүү аяктаганга чейин камакта калтырууну өтүнгөн. Ал эми үй камагында болгон Равшан Жээнбеков жана башка айыпталуучуларды үй камагында калтырууну суранган.

Сот мурда үй камагында болгон айыпталуучулардын үй камагын узарткан. Сот Р.Жеенбеков, Мискенбаев, Баабиев, Осмоналиев жана Карыпбек уулун үй камагына чыгарып, Атамбаев, Ниязов, Самынбаевге карата башка иш боюнча баш коргоо чарасы белгиленгендиктен, алардын баш коргоо чарасын кароосуз калтырган.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 71