• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кой-Таш иши боюнча сот ишинде УКМКнын мурдагы жетекчиси Опумбаев көрсөтмө берет

28 Жетинин айы 202412:53 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуялары боюнча күбө катары көрсөтмө берет. Бул тууралуу ушул иш боюнча жооптуулар билдиришти. О. Опумбаев 2-декабрда сот ишине катышат.

Бул тууралуу жооптуулар тарап сотко өтүнүч билдиришкен. Сот аны канааттандырган.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы болгон 2020-жылы Орозбек Опумбаев УКМК төрагасы, ал эми Кашкар Жунушалиев ИИМ башчысы жана Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болуп иштешкен. Ошол окуя болгонда алар жеке курамды башчысыз калтырышканы, ошондон кийин эл алдына чыкпай жүрүшкөнү белгилүү.

Кийин Жогорку Кеңеште ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев бул үчөөнө козголгон кылмыш иши жок экендигин билдирген.

Количество просмотров: 270