• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү узарды

10 Жалган куран 2021 16:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2019-жылы 7-8-9-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук териштирүү иштеринин мөөнөтүн узартты.

Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, соттук териштирүүнүн мөөнөтү 11-апрелге чейин узартылды.

Андан тышкары судья Азирет Медеров айыпталуучулар: Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Рыспек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Канат Осмоналиев, Марат Шаменов жана Амангелди Какебаевдин баш коргоо чараларынын мөөнөтүн узартты.

Аталган адамдардын баары учурда үй камагында болууда.

Количество просмотров: 61