• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы. Абактагылардын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок

4 Жалган куран 2020 18:40 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков жактоочулардын бул иш боюнча камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты. Мындай чечимди ал 4-марттагы баштапкы соттук жыйында кабыл алды.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурушат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева — үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталды.

Количество просмотров: 82