• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өткөрүлөт

3 Баш оона 2020 12:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы Кой-Таш окуясы боюнча териштирүү мындан ары онлайн жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Кой-Таш окуясы боюнча сотту аралыктан өткөрүү мыйзамга каршы келет.

«Сотту аралыктан өткөрүү боюнча чечим кабыл алынды. Мындан ары отурум онлайн жүргүзүлүшү мүмкүн. Соттолуучулар менен жактоочулардын ортосунда тыгыз байланыш болушу керек, бир нече маселени макулдашуусу зарыл. Ошондуктан жогорудагыдай чечим мыйзамга каршы келет»,-деди Жоошев.

Ошондой эле Жоошев, соттолуучулардын бири, Бишкектеги №47 колонияда отурган Канат Осмоналиев ден-соолугуна байланыштуу видео байланышка чыкпаганын кошумчалап, отурум кайрадан 5-августка саат 10:00гө жылдырылганын белгиледи.

Эске салсак, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Количество просмотров: 60