Бишкек шаардык соту журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурумду 24-октябрга жылдырылды. Буга себеп сот отурумга котормочу келбей калганы болгон.
Буга чейинки соттук отурумда журналисттин үч адвокатынын бири орусча сүйлөй турганы жана ага котормочу керектиги айтылып, отурум 6-октябрга жылдырылган болчу.
3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Журналист сот залынан бошотулган. Ошондой эле соттун чечиминде Мамыркуловага соцтармактарды колдонууга тыюу салынганы айтылат. Ал Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин көзөмөлүндө болуп, бир айда эки жолу барып каттоодон өтүп турууга милдеттендирилди. Ал Кыргызстандын аймагынан сыртка чыга албайт.
Мамыркулованын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылышкан.