• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткандар кайрылуу жасашты

4 Бирдин айы 2020 12:51 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткандар кайрылуу жасашты.

Маалыматка ылайык, Кой-Таш окуясына байланыштуу жасалма кылмыш иш боюнча жоопко тартылып жаткан саясатчыларга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата бийлик, бийликке көз каранды сот жана укук коргоо органдары тарабынан басым жасалууда.

«Бийликке көз каранды өкмөттүк комиссия бийликтин гана кызыкчылыгына жооп берген, УКМКнын, ИИМдин башчыларын жана Башкы прокурорду актаган, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын каралаган чечимин чыгарууда. ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери бир тараптуу, фальсификацияланып, жалган уюштурулган көрсөтмөлөр менен коштолууда. Тергөө менен кызматташуу деген шылтоо менен ИИМ бийликтин саясий оппоненттерин, Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарын камады. Бул фактылар аз келгенсип, биздин бардыгыбыздын сотторубуз жабык, жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилбестен өтүүдө. Мунусу аз келгенсип, бийлик жана соттор биздин соттук процесстерибизди түнкү саат 12-1де чейин өткөрүүнү өнөкөт кылып алды», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, алар бардык жарандар сыяктуу соттор күндүз жана журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшүн талап кылышууда.

Количество просмотров: 113