• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кой-Ташта жаракат алган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды

9 Кулжа 202120:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту.

Жолугушуунун соңунда Иманкулов президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырды.

Эске салсак, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй облусунун ИИББ башчысы Самат Курманкуловго «милициянын генерал-майору» жогорку атайын чени берилген.

Самат Курманкулов 2019-жылы август айында болгон Кой-Таш окуясында башынан оор жаракат алган. Ага Бишкекте операция жасалып, андан кийин ал Москвада дарыланууда болуп келген.

Количество просмотров: 535