• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кой терисин жамынган карышкырдай». Депутат Токторбаев Мадумаровду кайрадан сынга алды

2 Жалган куран 202211:12 Бишкек Govori.TV

ЖКнын жалып жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровдун дарегине карата сын айтты.

Токторбаевдин Мадумаровду депутаттарга мугалим болууну токтотууну айтты.

“Урматтуу биздин Адахан мырза өткөн аптада Коопсуздук комитетинде мыйзам долбоорун карап жатканда менин дарегиме сын айтты. «Силер өзүнөрдүн досуңардын законун өткөрүп жатасыңар» деп. Бирок мен буга кошулбайм. Бизде Адахан мырза мугалим болгонун, акыл-насаат айтканын такыр койбоду. Кокуй, мен сүйлөсөм эле бир балакетти баштайт экен деп өзүн бийик тутуп, өзү жөнүндө бийик ойдо. Ал бул жактагы 88 депутаттын бири гана.
Улуу трибунада бир аз сын айтып койсом, кечирим сурайм. Чындыкты чындай айтыш керек. Урматтуу Адахан мырза, сиздин образыныз: «Волк в овечьей шкуре». Түшүндүңүзбү?!”, — деди депутат.

Бул арада ЖКнын төрагасы Талант Мамытов: «Регламент боюнча башка депутаттардын атын атап, шек келтирүүго болбойт», — деди.

Убактысы бүтүп, микрофону өчүрүлгөн депутат Жеңишбек Токторбаев Мадумаровго болгон нааразычылыгын айтууну улантты. Токторбаев андан ары катуу ун менен сүйлөп жатканы угулуп турду.

Количество просмотров: 1172