• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Кармалгандарга дагы бир айып тагылды

26 Чын куран 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бул жолу алар Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга  чакыруу» беренелери боюнча айыпталууда.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген «Кемпир-Абадды коргоо комитети» жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаева, активист Чыңгыз Капаров, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов үй камагына чыгарылган.

Бул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган. Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Калгандары камакта.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.

Количество просмотров: 324