• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

«Кол топтоо башталды». Соодагерлер Ош базарды көчүрүүгө каршы чыкты

29 сентября 2023 в 13:37 Бишкек Govori.TV

Ош базарындагы ишкерлер менен соодагерлер Бишкек мэриясынын базарды шаардын сыртына чыгаруу демилгесине каршы пикирин билдирип, президент Садыр Жапаров менен калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жасашты.

Базардагы эт саткан бөлүмдүн башчысы Назира Кудайбергенова учурда кол топтолуп жатканын билдирди.

«Ош базарында бир топ жеке менчик ээлери бар. Мэриядан келип, көчүрүү маселеси боюнча биз менен эч ким сүйлөшкөн жок. Эл катары эле социалдык тармактан уктук. Буга байланыштуу өз пикирибизди айтып жеткирүүнү туура көрдүк. Шаар бийлиги менен сүйлөшүп, көйгөйлөрдү чечкенге ар дайым даярбыз. Бизди шаар сыртына көчүрүүгө көптөгөн каражат жумшалат, мэрияда акча көппү? Канча деген жарандарыбыз ушул жерден оокат кылышат. Ар биринин эки-үчтөн насыясы бар. Абдыкадыров бул маселе президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин билдирди. Ошол себептүү биз мамлекет башчыга кат жолдоп, кол топтоп жатабыз»,-деди Кудайбергенова.

39 жылдан бери ушул базарда иштеген Мунар Кошалиева базарды чет жака жылдырууга караманча каршы экенин айтты.

«Жумуш жоктугунун айынан небере, чөбөрөлөрүбүзгө чейин ушул жерде эмгектенебиз. Бул жерде 10-20 миң киши иштейт. Имарат куруп, ичин оңдоп- түзөп алышкан. Ал акчалары эмне болот? Көпчүлүгү нааразы»,-деди ал.

Ишкер Сергейдин айтымында, Ош базары маданий-социалдык мааниге ээ, Бишкек шаарынын эл көп каттаган маанилүү жери.

«Мэрия айткан маселелерди башка жерге көчүрбөй деле чечсе болот»,-дейт ишкер.

Буга чейин Бишкек мэриясы «Ош» базары менен автобекеттерди көчүрүүнү пландап жатканын билдирген. Муниципалитет базарды четке чыгарууга жер табылганын, учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатканын кабарлаган. Мэрдин айтымында, автобекеттер, «Ош базары» жана башка бир катар объектилердин чет-жакага чыгарылышы шаарды иретке келтирип, жашылдандырат.

Ал эми Чыгыш автобекети Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлмөкчү (түндүк-чыгыш бөлүгү).

Количество просмотров: 921