• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Колундагы баласын жерге ыргытып жиберген аялдын өздүгү аныкталды

7 Тогуздун айы 2021 13:28 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарындагы окуя боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарга видео тараган. Окуя 5-октябрда саат 17:30 чамасында Кара-Балта шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы кварталда болгон. Видеодон кызгылт түстөгү курткачан аял 4 бала менен бара жатып, колундагы баланы жерге ыргытып жибергенин, андан кийин аны кайра жерден алып, көтөрүп кеткенин көрүүгө болот.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, бул факт Жайыл РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жорук жөнүндө кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аялдын өздүгү аныкталды. Ал Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну — 4 баланын апасы Н.Г. Анын айтымында, окуя балдары менен кечки сейилдөөдө жүргөндө болгон. Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Количество просмотров: 8319