• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Комендант: Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өстү

24 Чын куран 202012:24 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери борбор калаабызда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп кетти. Бул тууралуу шаар коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифинг учурунда айтты.

«Өзгөчө абал киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүп кетти. Былтыркы жылга салыштырмалуу зомбулук фактылары 61,7%га арткан. Былтыр 24-марттан 24-апрелге чейин 100 учур катталса, быйыл 162 факт катталды. Зомбулукка жол бербей ынтымакта жашасак. Бул оор күндөр да өтөт», — деди ал.

Количество просмотров: 185