Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 119 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.
“Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган”, — деди Алмазбек Орозалиев.