• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Комитет Британиядагы элчиликке Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоп берди

28 Бугу 201912:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилик кызматына коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоп берди.

Бул тууралуу комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, депутаттардын арасынан Ирина Карамушкина гана каршы добуш берген.

Азыр Улуу Британияда Гүлнара Исакова элчи болуп турат. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган.

Количество просмотров: 22