Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин депутаттары Билим берүү министрлигине Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдошту.
Ал эми Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.
Эске салсак, 4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан кеткен.