• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Комитетте кыргыз-тажик чек арасы боюнча буга чейин кол коюлган протоколдор каралды

28 Аяк оона 2019 13:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча буга чейин кол коюлган төрт протоколду карады.

Бул 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчыларынын деңгээлинде кыргыз тарап 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган жумушчу протокол (Адахан Мадумаров кол койгон), 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында бул маселе боюнча өкмөттөр аралык Макулдашууга өзгөртүү киргизген протокол (Нурлан Сулайманов кол койгон), мындан сырткары Токон Мамытов жана Абдрахман Маматалиев вице-премьер-министр болуп турганда кол коюлган протоколдор. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин мүчөсү, депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде чек ара маселеси талкууланган. Анда чек арага байланыштуу мурда чыгарган токтомдордун жана чечимдердин аткарылышы тууралуу өкмөт маалымат берген.

16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 239