• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Конгантиевди сот эмне үчүн актады? Рита Карасартова акыйкатчы болобу? Соңку жаңылыктар 06.07.2018

6 Теке 2018 15:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.07.2018.Govori.TV.
Акыйкатчы Карасартова болобу?
Жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка талапкерлигинин көрсөтөт. Бул тууралуу өзү билдирди. Анын айтымында, тиешелүү документтерди топтоп, парламенттеги алты фракцияга кайрылууга камынууда.Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинден депутаттар добуш берүү менен бирин тандашы керек.- “Акыйкатчы жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесинде эгерде акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, бул орунга бир айдын ичинде башка адам шайланышы керек экени жазылган. Бирок Жогорку Кеңештин регламентине ылайык алар бул убакта каникулда болуп калып жатат. Ошондуктан парламент бул маселени карап көрүп, чечим кабыл алышы керек. Буга чейин Жогорку соттун судьяларын кезексиз жыйынга чогулуу менен шайлашкан эле, — дейт Карасартова.
Конгантиев акталды
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткуловбилдирди.Маалыматка караганда, кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган. «Молдомуса Конгантиевге болгон иш кыскартылды, иш толук жабылды», — деди Айткулов. Белгилей кетсек, Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.
Кырсыктан эки адам жабыркады
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталып, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, «Тойота Виндом» унаасы «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, андан кийин «Мерседес-Бенцти» сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Хонданын» айдоочусу жана жүргүнчүсү Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Ал эми кырсыкка себепкер болгон «Тойотанын» айдоочусу из жашырып качып кеткен.

Количество просмотров: 7