Конго Демократиялык Республикасында кеме дарыяга чөгүп кетип, 80 адам дайынсыз болуп жатканын Actualite маалымат порталы билдирди.
Конго Демократиялык Республикасындагы Ква дарыясында кеме кырсыгынан кеминде 80 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Actualite маалымат порталы Конгонун өкмөтүнө шилтеме кылып билдирди.
Өлкөнүн президенти Феликс Цисекеди өкмөткө болгон окуяны иликтеп, себебин аныктап, келечекте мындай окуяларга жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Reuters агенттиги дайынсыз болуп жаткан 80 адамдын баары каза болгонун жазды.
Жергиликтүү бийликтердин айтымында, 272 жүргүнчүсү бар эки кеме түштөн кийин Муши портунан чыгып кеткен. Алты сааттан кийин алардын биринин мотору токтоп, караңгыда кеме ташка тийип, чөгүп кеткен. Эки кемеден 185 адам жээкке жеткен. Калганын издөө иштери жүрүп жатат.