Борбордук шайлоо комиссиясы Конституция боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды. Мындай чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова токтом президенттин кол коюсуна жөнөтүлөрүн билдирди.
«Рефрендумга 1 млн 322 миң 124 шайлоо добуш берди, бул 36,66%ды түзөт. Жаңы Конституцияга 79,3% шайлоочу “макул” деп, ал эми 13,72% шайлоочу “каршы” добуш беришти»,-деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, , Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн.