Конституциялык кеңешме жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишин аяктады.
Маалыматка ылайык, ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болуп, андан соң жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште жөнөтүлөт.
«Долбоордогу беренелерди бир нече ирет карап чыктык. Биз аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүздүк», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалагандай, жыйынтыктоочу отурумдан соң жаңы Конституциянын долбоору парламентке өткөрүлүп берилет.