Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, бардык секциялар тексттерин тапшырды.
«Учурда жумушчу эксперттик топтор түзүлүп жатат. Алар алгач юридикалык аспекттерди, андан кийин лингвистикалык маселелерди карашат. Бирок бул Конституциялык кеңешменин жумушу бүтү дегенди билдирбейт. Биз иштөөнү улантып, сунуштарды кабыл алабыз», — деди Бөрүбашов.
Ал эми үчүнчү этапта Конституциянын долбоору Конституциялык кеңешменин пленардык жыйынына чыгарыла турганы белгилүү болду.