• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Жээнбековго кошомат кылгансың». Конституциялык кеңешменин жыйынында чыр чыкты (видео)

3 Бештин айы 2020 18:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-декабрда Конституциялык кеңешменин жыйынында чыр чыкты. Кайым айтышуу Шарабидин Эрмеков менен Эдил Байсаловдун ортосунда орун алган.

Анда жыйынга сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмеков Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду кошоматчы деп сындады.

Анын пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок.

«Байсалов, сен эмне үчүн бул жерде отурасың? Сен Жээнбековго кошоматтанып жүрүп элчилик кызматка келгенсиң. Эмне үчүн курултайга норма киргизүүгө каршы болуп жатасың? Сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!»- деди Эрмеков.

Конституциялык чогулуштун мүчөлөрү пенсионерден адамды жектөөдөн алыс болуусун суранышкан.

Количество просмотров: 728