• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Конституциялык палатага үч судья шайланды

26 Бирдин айы 202010:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйында Конституциялык палатанын судьясы кызматына Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева жана Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралды.

Депутаттар добуш берүү менен Конституциялык палатанын судьясы кызматына аталган 3 адамдын талапкерлигин жактырды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы:

  • Мээргүл Бобукеева — 109 макул, 3 каршы;
  • Латип Жумабаев 113 макул, каршы жок;
  • Мукамбет Касымалиев 112 макул, каршы жок.

Жаңы шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.

Количество просмотров: 109