• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Конституциялык палатанын төрагасы Дүйшеев кызматтан кетүү арызын жазды

1 Бирдин айы 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын айтты. Жана ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн билдирди.

Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Карыбек Дүйшекеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган.

Количество просмотров: 103