• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоо башталды

23 Жетинин айы 2020 11:47 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамды өзгөртүүнү токтотууга кол топтоо башталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда көз карандысыз юристтер бирикмесинин мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаева брифинг учурунда билдирди.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциянын негизги мазмунун талкуулоодон мурда аны ким демилгелегенине жана мыйзам долбоорунун каралуу процесстерине көңүл буруу керек деп эсептейт.

«Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоору артка кайтарылсын, президенттик жана парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтсүн, бийлик бутактары мыйзамдарга жараша иш алып барсын деген талаптар менен кол топтоо башталды», — деди Эргешбаева.

Эске салсак, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтында Конституциянын жаңы редакциясы, аны менен бирге Референдумду 10-январда өткөрүү мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин катарында парламенттин 80 депутатынын аты-жөнү жазылган. Конституциянын сунушталган редакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Коомдук активисттер жана юристтер бул өзгөртүүлөргө каршы экендигин билдиришүүдө.

Количество просмотров: 307