• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Анжеликанын мурдагы жолдошу үй камактын шартын бузган делип кармалды

1 Кулжа 202612:55 Бишкек Govori.TV

Ырчы Анжеликанын мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев үй камагынын шарттарын бузган деген айып менен 1-июнда камакка алынган. Бул тууралуу соцтармактарга тараган видеолордо айтылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Бекболиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул боюнча азырынча Ички иштер министрлигинен же Тергөө кызматынан эч кандай расмий комментарийлер боло элек.

Урмат Бекболиев ишкер жана «Урмат Авто Трейд» автосалонунун ээси катары белгилүү.

13-майда Бишкек шаардык соту Бекболиевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарганы, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча шектелип жатканы маалымдалган.

Количество просмотров: 135