Ош шаарынын Мамажан көчөсүндө контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 19:38де Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, №13 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 19:40та Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 19:41де Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм жалпы 4 бөлүм тартылган.
Өрт саат 20:03тө өрт чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.