Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.
Контрабанда жолу менен ташылып келинген эл керектөөчү товарлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта , ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Ош облусунун аймагында автоунаадан бажыга тийиштүү документтери жок кездеме, чарба товарлары, ар кандай аталыштагы автоунаалардын тетиктери, үй эмеректери табылганын айтылган.
Бул аталган товарлар кыргыз-таджик мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары мыйзамсыз алынып өткөн.
Бул факт боюнча мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош обулустук Прокуратурасына өткөрүлүп берилди.