• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коомдук ишмер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат

30 Аяк оона 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда журналист, коомдук ишмер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Жээнбековдун көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

Иш-чарага маркумдун жакындары, кесиптештери, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер катышып жатат. Анда Бабырбек Жээнбеков атындагы фонд түзүлөрү айтылып, Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы бир көчөгө Бабырбек Жээнбековдун атын берүү сунушу демилгеленди.

Эске салсак, Бабырбек Жээнбеков 2019-жылы, 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал 2013-2014-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин жетектеген. Мындан тышкары, «Алиби» гезитинин башкы редактору болгон.

Количество просмотров: 117