• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коомдук транспорттогу жол киренин баасы 10 жыл аралыгында кандай өзгөргөн? (графика)

8 Бирдин айы 2023 12:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети берген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында коомдук транспортко болгон жол киренин баасы 2010-2017-2021-жылы өзгөртүлгөн.

Троллейбус, автобус, маршруткадагы жол акы буга чейин канча сом болгонун төмөндөгү графикадан таанышсаңыз болот.

Борбор калаада жол кирени дагы көтөрүү сунушталып жатат. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко төлөнүүчү акыны жогорулатуу сунушун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, жол акысын төмөндөгүдөй жогорулатуу сунушталууда:

Троллейбус – 15 сом, Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;

Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;

Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом;

Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом, Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.

Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы: Мектеп окуучуларына – 320 сом, Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.

Коомдук транспорттогу жол киренин кымбатташына макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 257