• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коомдук унаадан чөнтөк телефон жана акча уурдаган шектүү кармалды

26 Үчтүн айы 2021 21:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршурттук унаанын ичнен баштыгымды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган О.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректе каттамда бара жаткан маршурттук унаанын ичинен баштыгын белгисиз адамдар уурдап алып койгондугун кабарлаган. Баштыгынын ичинде “Редми-9” үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 000 АКШ доллары бар экендигин кабарлаган.

«Жазылган арыздын негизинде кармоо иш- чараларын жүргүзүлүп, шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 189