Бишкекте кичи автобустан телефон менен акча уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-мартта саат 22:20 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Некрасов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобустун ичинен уюлдук телефон жана акча уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Арыз ээси — 1989-жылы туулган С.Ж. (аял киши) билдирген маалымат боюнча, 11 000 сомдук «Редми-7» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 10 000 сом акчасын уурдаткан.
Кайгуулчулар ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, 1992-жылы туулган С.А. шектелип кармалды. Ал чара көрүү үчүн Ленин РИИБдин Тергөө кызматына берилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.