• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Коомдук унааларга видеокөзөмөл орнотулду

4 Үчтүн айы 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте муниципалдык автобустардын 95%, троллейбустардын 60% жана менчик кичи автобустардын 60% салону видео көзөмөл камералары менен жабдылды. Көзөмөл камералары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында орнотулганын шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы муниципалдык автобустар №15 жана №71 каттамдарга каттай башташкан.

Бишкекте күн сайын 110дон ашуун троллейбус жана 120дай автобус каттамга чыгат. Булардан тышкары эки миңден ашуун кичи автобустар эл ташыйт

Количество просмотров: 48