• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Коомдук жайларда видео-көзөмөл орнотуу зарыл». Төрага Шакиев зордук-зомбулук маселесин көтөрдү

22 Жетинин айы 2023 11:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев кыз-келиндерге жана балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулук маселелерине токтолуп, коомчулукту тынчсыздандырган бул көйгөй күн сайын көбөйүп жатканын белгиледи.

“Ички иштер министрин чакырып, мындай терс көрүнүштөрдү жоюу жаатындагы чараларды күчөтүү талабын койдум. Айрыкча тез арада коомдук жайлардын бардыгына видео-көзөмөл жабдууларын орнотуу зарыл. Анткени, кыз-келиндерибиз зордук-зомбулукка кабылып, жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган окуялар күн сайын катталууда. Укук коргоо органдары баштаган тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомчулукка коркунуч жараткан жагдайды жөнгө салуусу кажет”, – деди Шакиев.

Количество просмотров: 53