Бишкек.12.03.2019.Govori.TV.
Социалдык тармакта «Коопсуз шаардын» алкагында салынган айыппулдарды 50% арзандатуу менен төлөө мүмкүнчүлүгү болбой жатканын айтып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, айыппул салынган күндөн 15 күнгө чейинки аралыкта төлөсө 50% жеңилдетүү болоору айтылган. Бирок, почталарда бул мыйзамга азырынча кол коюла электигин айтышып, айыптын толук баасын сурап жатышкан.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы бул тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканын, буга байланыштуу баардык документтерге кол коюлганын жана жеңилдетүү иштеп жатканын айтышкан. Мекемеден кошумчалагандай 50 пайыздык жеңилдетүү айрым жол эрежелеринин бузууларга мыйзам тарабынан каралган эмес.
Ал эми «Кыргызпочтасы» мындай билдирүүлөр марттын башында штарфтар жаңы гана төлөнүп жатканда илинген. Алар алынуусу керек болчу жана бул тууралуу текшерүү иштери башталганын билдиришкен.