Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Эртең, 7-майда Бишкекке «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган кезектеги аппараттык-программалык комплекстер ишке кирет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Камералар орнотулган тилкелер:
— Бөкөнбаев—Манас;
— Чүй—Манас;
— Чүй—Павлов;
— Жибек жолу—Манас;
— Махатма Ганди—Боталиев;
— Жибек жолу—Курманжан датка;
— Ахунбаев—Байтик баатыр;
— Чүй—Абдрахманов;
— Байтик баатыр—М.Горький.
Мамлекеттик келишим боюнча «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабында 110 аппараттык-программалык комплекс камтылган. Анын ичинен 42 даанасы Бишкекте, ал эми 48 даанасы Чүй облусунун аймагындагы жолдордо болсо, 20 аппараттык-программалык комплекс көчмө болуп эсептелет.