Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV.
2019-жылдын 12-февралынан тарта өз ишин баштаган «Коопсуз шаар» долбоору дагы да толукталууда. Долбоордун алкагында 12-мартка Бишкектин бир катар кесилиштерине жана көчөлөргө камералар коюлмакчы.
Алар:
Бөкөнбаева — Манас;
Чүй — Манас;
Чүй — Павлова;
Жибек Жолу — Манас;
Махатма Ганди — Боталиева;
Жибек Жолу – Курманжан Датка;
Ахунбаев — Байтик Баатыр;
Чуй — Абдрахманов;
Байтик Баатыр — М.Горький;
Шабдан Батыр жана Ибраимов көчөлөрүндөгү өтмөктөрү болмокчу.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин 10 кесилишине камералар коюлган.