• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Коопсуз шаар»: Депутаттар айып пулдарды азайтууну талап кылышты

16 Бугу 201910:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев сөз сүйлөп, «Коопсуз шаар» долбоорунун айып пулдарын азайтуу керектигин белгиледи.

«Айып пулдардын эсебин азайткыла деп какшап жатабыз. Бүгүн 20 пайыз гана эл төлөп жатат, калганы төлөгөн жок. Бул эң жаман коопсуздук нерсеге алып келет, «Коопсуз шаар» эмес эле. Биз алыбызга жараша айып пулдарды салбай, асмандатып салып алдык. Төлөй албайт эл», — деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү жолдордо шарт жок экенин кошумчалап, шарт түзүү керектигин белгиледи.

Мындай пикирин ЖК депутаты Тазабек Икрамов да айтты. Анын айтымында, айдоочулар тарабынан айыппул катына арыздар келип түшүп жана алар айыппулдун көлөмү абдан жогору экенин айтышкан.


Количество просмотров: 16