• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча өтүп жаткан онлайн аукцион үзгүлтүккө учурады

23 Баш оона 2018 18:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырыш үчүн сынакка катышкан компанияларды тандоо боюнча Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулуп, аукцион үзгүлтүккө учурады.

Журналисттердин көз алдында өтүп жаткан сынакта система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, анда «Мега-Лайн» жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп таап, ал 50,5 млрд. сом сунуш кылганын көрсөттү. Бирок комитеттин IT адистери мындай сан жаңылыш болушу ыктымал экенин айтып, системаны оңдоого аракет кылып жатышат. Анткени долбоорду ишке ашырууга 2,5 млрд. сомдон төмөн баа сунуш кылган компаниялар тандалып алынмак.

Тендердик комиссиянын төрагасы Кубанычбек Шатемиров сынакка кеминде үч компания катышканын, соңунда система жеңүүчүнү аныктай албаганын мойнуна алды. Ал мунун себеби белгисиз экенин, техниктер аны аныктагандан кийин гана маалым болоорун айтты.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев 23-августта «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо тендери жыйынтыкталаарын билдирген эле. Ал тандоо эки тур менен өтөрүн, биринчи турда автоматташтырылган система өзү тандап, экинчиси – сынак комиссиясы ар бир компаниянын документтерин карап чыгаарын айткан.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келе жатат. Үч жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылбай, тараптар соттошуп киришкен.

 

Количество просмотров: 26