• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Коопсуз шаар»: Кыргызстанда жаңы 16 камера ишке киргизилет (Тизме)

15 Чын куран 201910:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

15-апрелден тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун жаңы 16 камерасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, камералар төмөнкү жерлерде жайгаштырылды.

  1. Бишкек-Ош жолунун 154,3 чакырымы;
  2. Бишкек-Ош жолунун 160 чакырымы;
  3. Бишкек-Чалдовар жолунун 61,6 чакырымы (Кара-Балта шаары, «Мээрим» дүкөнүнүн тушунда);
  4. Бишкек-Чалдовар жолунун 66 чакырымы (Алексеевка айылы);
  5. Бишкек-Чалдовар жолунун 67,3 чакырымы (Вознесеновка айылы);
  6. Бишкек-Чалдовар жолунун 74 чакырымы (Панфиловка айылы);
  7. Бишкек-Чалдовар жолунун 78,2 чакырымы (Панфиловка айылы);
  8. Бишкек-Торугарт жолунун 17,700 чакырымы (Киргшелк айылы, «Газпром» май куюучу жайынын жанында);
  9. Бишкек-Торугарт жолунун 18,800 чакырымы (Люксембург айылы «Бишкек Петролеум» май куюучу жайынын жанында);
  10. Бишкек-Торугарт жолунун 20 чакырымы (Люксембург айылы Ленин-Западная көчөлөрүнүн кесилиши);
  11. Бишкек-Торугарт жолунун 25 чакырымы (Кант шаары, «Газпром» май куюучу жайынын жанында);
  12. Бишкек-Торугарт жолунун 31,7 чакырымы (Красная-речка айылы, Ленин көчөсү, 151);
  13. Бишкек-Торугарт жолунун 39,8 чакырымы (Ивановка айылы, Ленин көчөсү, 238);
  14. Бишкек-Торугарт жолунун 47 чакырымы (Дружба айылы, Ленин-Чүй көчөлөрүнүн кесилиши).

Мамлекеттик органдардан тиешелүү сертификаттар алынган соң буга чейин Бишкекте орнотулган камералар дагы толук ишке киргизилет.

«Коопсуз шаар» боюнча келишимге ылайык, долбоордун 1-бөлүгүнүн алкагындагы бардык 110 камера 12-майга чейин орнотулуш керек.

Количество просмотров: 15