Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабында 306 стационардык жана көчмө көзөмөл камералары орнотулуп, 2020-жылы ишке кирет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын орун басары Ыманалы Саркулов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда «2020-жылдан тарта «Коопсуз шаардын» экинчи этабын ишке киргизүү пландалууда. Камералар өлкөнүн негизги шаарларына жана башкы трассаларына орнотулат», — деди Саркулов .
Андан тышкары, маалымат жыйында буга чейин уюшулуп,бирок жоюлуп кеткен Патрулдук милицияга жарандык коомдон 505 жаран кабыл алынып,атайы тестирлөөдөн өткөндөр 3 ай ушул жаатта билим алып окушаары айтылды.
Ал эми быйылкы туристтик сезонго байланыштуу «Коопсуз шаар» долбоору бир катар кемчиликтерди жойгон. Айта кетсек, Патрулдук милициянын унааларынын эки четине керектүү номурлар жазылган. Ысык-Көлгө бара жаткан жолго коопсуздукту сактоого үндөгөн 16 банер орнотулган. Ошол эле учурда, Ысык-Көл облусунда жана Боом капчыгайында ӨКМ менен тез жардам кызматкерлери туристтик сезон учурунда күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү иштейт.