Бишкек 07.02.2019 Govori.TV.
Маалыматтык технология жана байланыш комитети «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта ишке ашарын жарыялады. Камералар жолдогу жети мыйзам бузуу учурун каттайт:
Тартип бузуулар программалык комплекстердин жардамы менен жөнгө салынып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда иштелип чыгат.
2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тесттик түрдө иштеп баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулат. Мындан тышкары жол белгилерин жаңылоо иштери да жүрүүдө.
Долбоор төрт фазадан турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 миллиард сом менен башталган, уткан компания аны 2 миллиард 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.
Бул каражатты «Вега» компаниясы чыгарып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат.