• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Коопсуздук-2021» машыгуусу башталды (сүрөт)

1 Чын куран 2021 12:28 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 1-апрелинде «Коопсуздук-2021» биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун биринчи этабы башталды.

Маалыматка ылайык, биринчи этаптын темасы – аймактын мамлекеттик башкаруу органдары жана өзүн-өзү башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында өзүнчө аймактарда тапшырмаларды аткаруу жана даярдыкка келтирүү болуп саналат.

Машыгуунун башталышында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев: «Биргелешкен машыгуубуз Куралдуу Күчтөр биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, топтордун терс кара өзгөй ойлоруна бөгөт коюбузга даяр экенибизди далилдейт. Мындай шарттарда биз кыраакы гана эмес, Кыргызстандын жана анын жарандарын коргоо үчүн бардык өзгөрүүлөргө даяр турууну камсыздашыбыз керек», — деп баса белгилеп кетти.

Машыгуу 2021-жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт.

Негизги тема – Республиканын айрым аймактарында аскердик абалды жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчутулган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылат.

Количество просмотров: 117